Жаңылыктар
Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин карамагындагы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан, Чаткал өрөөнүнүн батыш бөлүгүн ээлейт.
Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагы Батыш Тянь-Шандын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан өсүмдүктөр жана жаныбарлардын түрлөрүнүн санын калыбына келтирүү үчүн ыңгайлуу аймактардын бири болуп саналат.
Азыркы учурда коруктун жалпы аянты 112463,3 гектарды түзөт, коруктун аймагы үч функционалдык аймактан турат; коруктук аймак 83 053,7 га аянтты, буфердик аймак 13 990,3 га аянтты, корголуучу аймак 15 419,3 га аянтты ээлейт.
Корук төрт токой аянтынан турат: Кең-Булуң (34447 га), Баркырак (30661,7 га), Араб (21639,3 га) жана Сандалаш (254715,3 га).
Корукта сүт эмүүчү жаныбарлардын 45 түрү жана канаттуулардын 150 түрү жашайт.
2016-жылы Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругу ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.
Беш-Арал мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагындагы тоолордун, көлдөрүн жана дарыялардын флора жана фаунасы өтө бай жана таң калыштуу болгондуктан дүйнөнүн булуң бурчунан туристерди өзүнө тартып турат.