Жаңылыктар
Б.Ибраимов Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Ю Чжэ Чул менен жолугушту
Кыргыз делегациясынын Корея Республикасына болгон иш сапары уланууда, бул ирет Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Б.Ибраимов Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Ю Чжэ Чул менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты, климаттын өзгөрүшүнө, суу ресурстарынын жетишсиздиги, чөлгө айлануу жана абанын сапатынын начарлашы, мөңгүлөрдүн тез эришине байланыштуу маселенин актуалдуулугун эске алуу менен экологиялык маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги боюнча пикир алышты.
Кыргыз тараптан таштандыларды башкаруу, энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында кызматташуу боюнча бир катар сунуштар айтылды, ошондой эле акылдуу жашыл шаарлардын долбоорлорун алдыга жылдырууга жана ишке ашырууга, электр транспортторун жана жашыл суутекти колдонууга кызыкдар экени айтылды.
Ошондой эле Б.Ибраимов корей тарапка эки өлкөнүн экологиялык кызматташтыгы боюнча меморандумга кол коюуну сунуштады.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо министринин орун басары Ю Чжэ Чул эки ведомствонун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча бардык багыттар боюнча кызматташууга даярдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, Кыргызстандын элчиси А.Исмаилова глобалдык экологиялык маселелер боюнча кызматташууну кеңейтүү зарылдыгын белгилеп, корей тарапка жаратылышты коргоо боюнча биргелешкен долбоорлорду жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экология, жаратылыш ресурстары жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери боюнча өз ара пайдалуу кызматташуу боюнча өз ара аракеттенүүнү жана консультацияларды улантууну макулдашышты.