Жаңылыктар
Асфальт-бетон заводунун иши токтотулду
2022-жылдын 6-сентябрында айылга жакын жайгашкан асфальт-бетон заводунан кара түтүн чыгып жатканы тууралуу маалымат интернет айдыңында чыккан.
Маалыматтык кайрылуунун негизинде Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору ыкчам иш алып баруу үчүн аталган ишканага барган учурда төмөнкүлөр аныкталган.
Аталган асфальт-бетон заводу Сузак районунун Ынтымак айылына жакын жердеги өнөр жай зонасында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалына карайт.
Текшерүүнүн жүрүшүндө инспекторлор түтүн кармоочу конструкциянын бузулушун аныкташкан.
Жыйынтыгында министрликтин өкүлдөрү газды чыпкалоочу фильтрлерди орнотуу боюнча буйрук жөнөтүлүп, заводдун иши токтотулган.
Ошондой эле асфальт-бетон заводунун жанында жайгашкан турак жайлар өнөр жай аймагында жайгашкандыгын белгилейбиз.