Жаңылыктар
Баткен облусуна гуманитардык жардам
2022-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Баткен облусуна 23 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү.
Гуманитардык жүк 23 тонна азык-түлүктөн (май, кант, чай, макарон, ун, күрүч, п жаш балдарга жалаякшым) турат.
Ошондой эле министрликтин кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына которот.
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамааты Кыргыз Республикасынын суверендуу аймагына Тажикстандын кара ниеттик баскынчылыгынын натыйжасында каза болгон офицерлердин, жоокерлердин жана Баткен облусунун жарандарынын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.