Сүрөттөр
Ч/Б
Түстүү
Өчүк
Арип өлчөмү
A+
A

Кыргыз Республикасынын экологиялык кодексинин долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол болуп өттү

2022-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын экологиялык кодексинин долбоорун талкуулоого арналган тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Борбордук Азиянын Аймактык экологиялык борборунун колдоосу менен уюштурулду. Ага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Амандашуу сөзүнөн кийин Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары К.Садыков Экологиялык кодекстин долбоору менен тааныштырды.

Тегерек столдун катышуучулары кодекстин долбоору курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мамилелердин бардык спектрин камтышы жана өлкөнүн учурдагы экологиялык жана экономикалык шарттарына жооп бериши керектигин белгилешти.

Ошондой эле, талкуунун жүрүшүндө бир катар маанилүү жана конструктивдүү сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында К.Садыков тегерек столдун катышуучуларына бул иш-чарага активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, документтерди жыйынтыктоодо бардык сунуштар эске алынаарын белгиледи.

Календарь новостей
Популярное
Жаңылыктар
“ПолитКлиника” медиасынын “Талкуу” берүүсүндѳ ыш маселесин чечүү жолдорун талкуулашты
Дек. 28, 2022154
Жаңылыктар
Баткен облусунун аймагында жапайы жаныбарлардын кышкы санагы жүрүп жатат.
Дек. 28, 2022124
Жаңылыктар
Чүй облусунда алты браконьер кармалышты
Дек. 22, 2022269
Жаңылыктар
“Чоң-Кемин” улуттук табият паркы
Дек. 22, 2022153
Жаңылыктар
Контроль качества воздуха | Ала-Тоо LIVE | 21.12.2022
Дек. 22, 2022165
Жаңылыктар
«С начала года были задержаны 200 браконьеров», - Азат Сагынов
Дек. 22, 2022430
Жаңылыктар
Зыяндуу заттарды нормадан ашык бөлүп чыгарган автоунааларды аныктоо максатында рейддик иш-чаралар
Дек. 22, 2022197
Жаңылыктар
Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго 20 кыргоол жаратылышка кое берилди
Дек. 21, 2022337
Жаңылыктар
Минприроды провел учебный семинар по вопросам подготовки климатических проектов
Дек. 20, 2022251
Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо менен алектенген жарандар кармалышты
Дек. 20, 2022224