Жаңылыктар
2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планы талкууланды
2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде 2022-2024-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча ведомстволук иш-чаралар планын талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү. (мындан ары План деп аталат).
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары К.Садыков, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты. Жалпысынан 28 катышуучу катталган.
Тегерек столдун максаты - План боюнча бирдиктүү багытты иштеп чыгуу, ачык сүйлөшүү жагдайын түзүү, министрликтин ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принцибин ишке ашыруу.
Н.А. Муканова өз сөзүндө Коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияда сунушталган стратегиялык ыкмаларга жана принциптерге токтолду.
Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жеңишбек Асылбек Пландын долбоору менен тааныштырып, бул Планды ишке ашыруудагы максаттуу индикаторлор жана ошондой эле ички жана тышкы көзөмөл жөнүндө айтып берди.
Пландын долбооруна ылайык, «Министрликтеги коррупциянын деңгээлин жеке кабыл алуу» 21,6 баллдан 46,6 баллга чейин (жылына 10 балл) индексти жогорулатуу жолу менен коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү сунушталууда.
Тегерек столдун жыйынтыгында тегерек столдун катышуучулары тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Планды жыйынтыктоо чечими кабыл алынды.
Соңунда КР ЖРЭТК министринин биринчи орун басары К.Садыков тегерек столдун катышуучуларына иш-чарага активдүү катышкандыктары үчүн ыраазычылык билдирип, “коррупцияга каршы күрөш коомдук институттардын колдоосусуз антикоррупциялык чараларды ийгиликтүү ишке ашыруу мүмкүн эместигин өзгөчө баса белгилеп, каррупцияга каршы күрөшүү мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылап”, - деп жыйынтыктады.