Сүрөттөр
Ч/Б
Түстүү
Өчүк
Арип өлчөмү
A+
A

Кыргыз-чех тегерек столу жөнүндө

2022-жылдын 29-марттында Бишкекте кыргыз-чех тегерек стол өткѳн.

Тегерек столго Чехия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Рудольф Гикл, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары К.Садыков, Бишкек шаарынын Вице-мэри Ж.Ырсалиев, Бишкектеги Чехия Республикасынын ардактуу консулу М.Жаанбаев, Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин Мониторинг жана талдоо бѳлүмүнүн директору С.Момунов жана чехиялык компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун алкагында биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча модератордук талкуу жана KHANZAA, ENVI-PUR (TAZA BIO SYSTEMS), iWating, KUBICEK VHS, TOPOL WATER, REGULUS, WERO ENERGY, EBRD/ADB сыяктуу чех компаниялары тууралуу бетачары болуп өттү. Бул компаниялардын негизги ишмердүүлүгү айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу үчүн жаңы экологиялык жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен долбоорлорду ишке ашыруу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары өз сөзүндө министрликтин негизги максаты жалпы республика үчүн да, биздин ар бир жаран үчүн да бакубат экологиялык келечекти камсыз кылуу экендигин белгиледи. К.Садыков министрлик чечип жаткан маселелердин катмарына кыскача токтолуп, биргелешкен кызматташуу боюнча бир катар долбоорлорду сунуштады.

«Бүгүнкү иш-чаранын форматында кыргыз-чех бизнес өнөктөштүгүн өнүктүрүүнү талкуулоо мүмкүнчүлүгү өтө актуалдуу жана пайдалуу. Форумдун жыйынтыгында эки тарапка тең үзүрлүү кызматташуу жана биргелешкен ишканаларды ачуу боюнча келишимдер түзүлөрүүнѳ ишенем», - деп белгиледи министрдин биринчи орун басары К.Садыков.

Календарь новостей
Популярное
Жаңылыктар
“ПолитКлиника” медиасынын “Талкуу” берүүсүндѳ ыш маселесин чечүү жолдорун талкуулашты
Дек. 28, 2022241
Жаңылыктар
Баткен облусунун аймагында жапайы жаныбарлардын кышкы санагы жүрүп жатат.
Дек. 28, 2022220
Жаңылыктар
Чүй облусунда алты браконьер кармалышты
Дек. 22, 2022369
Жаңылыктар
“Чоң-Кемин” улуттук табият паркы
Дек. 22, 2022238
Жаңылыктар
Контроль качества воздуха | Ала-Тоо LIVE | 21.12.2022
Дек. 22, 2022256
Жаңылыктар
«С начала года были задержаны 200 браконьеров», - Азат Сагынов
Дек. 22, 2022533
Жаңылыктар
Зыяндуу заттарды нормадан ашык бөлүп чыгарган автоунааларды аныктоо максатында рейддик иш-чаралар
Дек. 22, 2022264
Жаңылыктар
Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго 20 кыргоол жаратылышка кое берилди
Дек. 21, 2022417
Жаңылыктар
Минприроды провел учебный семинар по вопросам подготовки климатических проектов
Дек. 20, 2022373
Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо менен алектенген жарандар кармалышты
Дек. 20, 2022335