Сүрөттөр
Ч/Б
Түстүү
Өчүк
Арип өлчөмү
A+
A

Көк-Жар айылындагы кыш заводун текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө

Көк-Жар айылындагы Бек-Тоо жана Восход дачаларынын жанындагы кыш заводу автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жана резиналарды жагып жаткандыгы тууралуу «Акипресс» МАнын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 28-июнунда жогорудагы фактыны иликтөө максатында комиссия түзүлүп, анын курамына Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлигинин мамлекеттик инспектору, Көк-Жар айыл аймагынын кирешелер боюнча башкы адиси жана КР ИИМнин Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкери кирген. Текшерүүнүн жүрүшүндө автоунаалардын дөңгөлөктөрү жана резина жаккан фактысы тастыкталган эмес.

Ошондой эле, кирпич заводтун жетекчиси Т.Абдурасулов менен мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ошону менен бирге, КР ИИМнин Участкалык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери тийиштүү аймакка профилактикалык кыдыруу өткөрүүдө кыш заводунун ишмердүүлүгүнө басым жасаарын белгилейбиз.

 

Календарь новостей
Популярное
Жаңылыктар
Глобальная программа по сохранению снежного барса и его экосистем получила международную награду в Испании
Ноя. 28, 202277
Жаңылыктар
Жылда ѳтчү өнөр жай коопсуздугу боюнча командалык-штабдык окуулар өткөрүлдү
Ноя. 25, 202277
Жаңылыктар
Жаратылыш ресурстар министрлигинин Бишкек шаарынын абасынын тазалыгын сактоо иш-чараларын улантууда
Ноя. 25, 202298
Жаңылыктар
Таксономия устойчивых проектов
Ноя. 23, 2022434
Жаңылыктар
Министрликтин мамлекеттик инспекторлору рейдтик иш чараларды Түп булуңдарында күнү-түнү жүргүзүшүүдѳ
Ноя. 22, 2022398
Жаңылыктар
Күрөң аюу жана илбирс Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин видеокамерасына тартылып алынды
Ноя. 22, 2022158
Жаңылыктар
Нарын облусунда мектептин аймагындагы бак-дарактар мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды
Ноя. 18, 2022356
Жаңылыктар
Талас облусунда мыйзамсыз дарак кыюу фактысы аныкталды
Ноя. 17, 2022325
Жаңылыктар
Жаратылыш ресурстар министрлиги жырткыч жаныбарлардын санын жөнгө салууда
Ноя. 17, 2022348
Жаңылыктар
Түп булуңдарынан 18 200 метр синтетикалык торлор чыгарылып, 14 кайык алынды
Ноя. 16, 2022186