Жаңылыктар
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнө карата жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү жакындап калды, демек, азыр глобалдык тазалоо кыймылына кошулуп, планетаны таштандыдан тазалоого даярдык көрүүгө катышууга убакыт келди.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» эл аралык акциясына активдүү катышат, акциянын алкагында 2022-жылдын 17-сентябрында жалпы республикалык ишембилик өткөрүлөт.
Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин айлана-чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башчысы К.Тентимишев билдирди.
Өз кезегинде Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн элчиси, «Эко-Деми» коомдук фондунун президенти А.Чыныбаева жалпы кыргызстандыктарды 17 сентябрда бүткүл республика боюнча өткөрүлө турган Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жыл сайын өтүүчү акцияны колдоого чакырды.
«Өткөн жылы акцияга 640 миң адам катышкан, бул жалпы калктын 10% түзөт. Эгерде калктын 10%ы жүрүм-турумун өзгөртсө, калгандары да өзгөрөт», - деп кошумчалады ал.
Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү – бул бүткүл планета (180ден ашык өлкө) таштандыны биргеликте тазалоо үчүн чогулган күн.