Жаңылыктар
БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Озон катмарын сактоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуусу
Бүгүн биз Монреаль протоколунун стратосфералык озон катмарын климаттын өзгөрүшүнө алып келген синтетикалык химиялык заттардан коргоодогу ийгилигинин 35 жылдыгын белгилейбиз. Глобалдык келишимдин аркасында адамзат озон катмарындагы жылчык аркылуу ультра кызгылт көк нурлануунун кирип кетишинен улам жарандардын ден-соолукгуна кооптуу кырчсыкты алдын алды.
Монреаль протоколу ийгиликтүү болду, анткени баарыбыз туш болгон коркунучту илим тапканда, өкмөттөр жана алардын өнөктөштөрү чара көрүшкөн. Биз жалпы ратификацияланган жана күч менен ишке ашырылган бүткүл дүйнөлүк экологиялык келишимди кабыл алдык.
Монреаль протоколу иштеги көп тараптуулуктун эң сонун мисалы болуп саналат. Дүйнө жүзүндөгү сансыз кыйынчылыктарды эске алуу менен - кагылышуулардан жакырчылыктын өсүшүнө, теңсиздиктин жайылышы жана климаттык өзгөчө кырдаалга чейинки көрүнүштөр - жалпы жыргалчылык үчүн биргелешип иштөө аркылуу ийгиликке жете аларыбызды эскертет.
Монреаль протоколу буга чейинки климаттык кризистен чыгууга салым кошкон. Өсүмдүктөрдү ультра кызгылт көк нурлануудан коргоо, алардын жашоосуна жана көмүртек сактоосуна мүмкүндүк берүү менен 1°С глобалдык температуранын жогорулашын алдын алды. Протоколдун климатты жылытуучу газдарды этап менен жок кылуу жана Кигалий түзөөлүүсү аркылуу энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иши климаттын өзгөрүшүн андан ары жайлатышы мүмкүн.
Бирок Монреаль протоколунун көп тараптуу кызматташуусун жана ыкчам аракетин чагылдыруу менен гана биз дүйнөбүздү коркунучтуу жылытып жаткан көмүртектин булганышын токтото алабыз. Бизде тандоо бар: жамааттык аракет же жамааттык кайдыгерлик.
Бул Эл аралык күнү, келгиле, климаттык кризисти жана биздин бардык жалпы көйгөйлөрүбүздү токтотуу үчүн Монреаль протоколу көрсөткөн кызматташтыкты бекемдейли. Ал эми Монреаль протоколунун негизги ишин колдоону уланталы.