Жаңылыктар
Жылда ѳтчү өнөр жай коопсуздугу боюнча командалык-штабдык окуулар өткөрүлдү
Жарандык коргонууну уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын планына ылайык, 2022-жылдын 24-ноябрынан 25-ноябрына чейин Жаратылыш ресурстар министрлигинин кызматкерлеринин активдүү катышуусунда командалык-штабдык окуулар өткөрүлүүдө.
“Арпа” ААКнун ишканасынын аймагында жана Саламаттык сактоо министрлигинин автобазасында командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.
Машыгуулар эки этапта өттү:
1) жер титирөө коркунучу болгон учурда бийлик органдарынын иш-аракеттерин иштеп чыгуу;
2) аммиак бөлүп чыгаруу менен коштолгон химиялык авариянын кесепеттерин жоюу.
« Биз жыл сайын жарандык коргонуу системасынын бардык бөлүктөрүнүн «координациясын» текшерип турабыз. Мындай машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, мындай иш чаралар өндүрүш аймактарда шарттуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча зарыл болгон иш-аракеттердин алгоритмин, комплекстүү иш-аракеттерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет», - деди Бишкек шаары жанан Аламудун району боюнча Регионалдык башкармалыктын өнөр жай коопсуздугу боюнча башкы адиси Бакыт Жолчиев.