Сүрөттөр
Ч/Б
Түстүү
Өчүк
Арип өлчөмү
A+
A

Ысык-Көл облусунда Кызыл китепке кирген үч сапсан шумкарлары реабилитациядан кийин жаратылышка кое берилди.

2022-жылдын 25-августунда Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин адистери тарабынан Ысык-Көл облусунун Каракол мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына реабилитациядан кийин үч шумкар тукумундагы жырткыч «Сапсан» куштар жаратылышка кое берилди.

2018-жылы өлүү алдында турган канаттуулар Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору тарабынан браконьерлерден конфискацияланган.

Андан ары министрликтин кызматкерлери куштарды сот иштери аяктаганга чейин реабилитациялоо жана убактылуу кармоо үчүн «Мурас» мүнүшкөрчүлүк борборуна өткөрүп беришкен.

«Мурас» кыргыз мүнүшкөрлөр борборунда тумшуктары жабыркап, буттары сынып, алдан тайган канаттуулардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн ветеринарлар бир топ иштерди жүргүзүштү.

Маалымат катары: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомуна ылайык, мыйзамсыз 1 сапсанга аңчылык кылуу (атуу, кармоо) үчүн айып төлөм 250.000 сом түзөт.

Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуу (атуу, кармоо) фактылары аныкталган учурда айыптын өлчөмү эки эсеге көбөйөрүн белгилейбиз.

Маалымат иретинде: Сапсан – шумкар тукумунан өтө сейрек уя салуучу келгин жырткыч куш. Шумкар эң ылдам куш болуп эсептелет. Эксперттердин айтымында, тез сүңгүп учууда ал 322 км/саат же 90 м/сек ылдамдыкка жете алат. Арткы манжалардын тырмактары менен сокку ушунчалык күчтүү болгондуктан, бир топ чоң айбанаттардын башы денесинен адырап кетиши мүмкүн.


Видеоматериалы




Календарь новостей
Популярное
Жаңылыктар
“ПолитКлиника” медиасынын “Талкуу” берүүсүндѳ ыш маселесин чечүү жолдорун талкуулашты
Дек. 28, 2022154
Жаңылыктар
Баткен облусунун аймагында жапайы жаныбарлардын кышкы санагы жүрүп жатат.
Дек. 28, 2022124
Жаңылыктар
Чүй облусунда алты браконьер кармалышты
Дек. 22, 2022269
Жаңылыктар
“Чоң-Кемин” улуттук табият паркы
Дек. 22, 2022153
Жаңылыктар
Контроль качества воздуха | Ала-Тоо LIVE | 21.12.2022
Дек. 22, 2022165
Жаңылыктар
«С начала года были задержаны 200 браконьеров», - Азат Сагынов
Дек. 22, 2022430
Жаңылыктар
Зыяндуу заттарды нормадан ашык бөлүп чыгарган автоунааларды аныктоо максатында рейддик иш-чаралар
Дек. 22, 2022197
Жаңылыктар
Чоң-Чычкан суусунун боюндагы токойго 20 кыргоол жаратылышка кое берилди
Дек. 21, 2022337
Жаңылыктар
Минприроды провел учебный семинар по вопросам подготовки климатических проектов
Дек. 20, 2022250
Жаңылыктар
Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз аңчылык жана балык уулоо менен алектенген жарандар кармалышты
Дек. 20, 2022224