Жаңылыктар
Министрликте “Сабаттуу жазуу” жат жазуу өнөктүгү болуп өттү
2022-жылдын 13-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин имаратында “Сабаттуу жазуу” жат жазуу өнөктүгү болуп өттү.
Акцияга министр Д.Кутманова, министрдин орун басарлары, ведомство жетекчилери, ошондой эле борбордук аппараттын кызматкерлери катышышты.
Өнөктүк Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 33 жылдыгына карата уюштурулууда.
Акциянын максаты кызматкерлердин мамлекеттик тилде жазуу жана оозеки сүйлөө боюнча сабаттуулугун жогорулатуу, кызматкерлер арасында расмий иш кагаздарын кыргыз тилинде сабаттуу жазуу маданиятын өнүктүрүү, мамлекеттик тилдин статусун жогорулатуу болуп саналат.