Жаңылыктар
Нарында браконьерлердин унаасынан ылaaчын кушу табылды
2022-жылдын 12-сентябрында Нарын облусунун Аксай өрөөнүндө Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин мамлекеттик инспекторлору рейд учурунда Mitsubishi Montero Sport үлгүсүндөгү унааны токтотуп, инспекторлор тарабынан токтотулганын түшүнгөн кылмышкерлер качып кетүүгө аракет кылган.
Браконьерлер экологиялык тартип сакчыларынан бир топко чейин качууга аракет кылышкан, бирок жүрүүгө мүмкүн болбогон жерден токтотууга аргасыз болушкан.
Алардын автомашинасын тинтүү учурунда кызыл китепке кирген бир ылaaчын жырткыч кушу жана беш көгүчкөн табылган.
Жеринде акт түзүлүп, чогултулган материалдар кошумча иликтөө үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.