Жаңылыктар
Нарын облусунда мектептин аймагындагы бак-дарактар мыйзамсыз кыйылгандыгы аныкталды
2022-жылдын 17-ноябрында Министрликтин мамлекеттик инспекторлору айлана-чөйрөнү коргоо боюнча көзөмөл иш чараларын жүргүзүү учурунда Нарын облусунун Нарын районундагы Кенеш айылынын Казалы Абиров атындагы орто мектебинин коросунан ар кандай диаметрдеги 23 даана бак-дарактардын (12 терек, 2 кайың, 9 карабак) мыйзамсыз кыркылгандыгын аныкташкан.
Аталган экологиялык кылмыш боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 токтомунун негизинде акт түзүлүп, жаратылышка келтирилген зыяндын жалпы суммасы 139 214 сом өлчөмүндө эсептелген. Топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.