Жаңылыктар
«Репортер» социалдык түйүнүнө жарыяланган №82 мектептин аймагындагы бактарды кыюу фактысы боюнча маалымат
«Репортер» социалдык түйүнүнө жарыяланган №82 мектептин аймагындагы бактарды кыюу фактысы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык кѳзѳмѳл кызматы төмөнкүлөрдү билдирет.
Маалыматтын негизинде инспекторлор жерине барышып, макалада көрсөтүлгөн фактылар ырасталды.
Тактап айтканда, № 82 орто мектебинин кызматкерлери тарабынан 2022-жылдын 30-мартында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдашуу кагазын албастан 9 даана терекке санитардык кыркууларды жүргүзгөндүгү аныкталды. Жеринде инспекторлор тарабынан келтирилген чыгым эсептелип, 3433 сом доо коюлду.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын бузулушунун алдын алуу максатында окуу жайдын өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.