Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Chuy region
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Экологиялык жана техникалык кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2024 - жылдын 13-июнунда Аламүдүн районунда мыйзамсыз балык улоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектерине карата укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин камтыган оперативдик рейдтик иш-чаралар өткөрүлдү.


Жыйынтыгында, мыйзамсыз балык улоо фактылары аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 266 ылайык, жалпы суммасы 3000 сомду түзгөн 3 протокол түзүлдү.


Мындан ары мыйзамсыз балык улоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө карата укук бузууларды аныктоо максатында рейдтик иш-чаралар улантылат. Жаратылыш ресурстар министрлиги  Кыргыз Республикасынын жарандарын жана конокторун жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө карата укук бузуу фактыларынан алыс болууга жана болтурбоого чакырат .