Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
29-february 2024, 14:02
Бүгүн 29.02.2024-жылы, Экотехкөзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүүнү күчөтүү максатында, Базар-Коргон районунун жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы менен биргеликте, Базар-Коргон шаарында кезектеги ыкчам иш-чара жүргүзүлдү.
Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө, 19 ар кандай үлгүдөгү автоунаалар текшерилип, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 1 учур катталып, автоунаанын ээсине укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, 7500 сом айып пул салынды.
Ошондой эле, айдоочуларга абага зыяндуу түтүндү көп чыгарган автоунааларды айдабоого чакырып, эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 234-беренесине ылайык жеке жактарга 7500 сом, ал эми юридикалык жактарга 23000 сом айып салынаары жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.