Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Chuy region
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

2024 жылдын 30 – апрелинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Аламүдүн району боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте “Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргузулдү.

Рейддик иш чаралардын жүрүшүндө 19 жүк ташуучу жана жеңил автоунаалар текшерилип, натыйжасында Кыргыз Республикасынын  “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 234 – беренесине ылайык жалпы суммасы 15000 сомду түзгөн 2 протокол түзүлдү.  Калган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдтик иш чаралар улантылат. Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттарын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.