“Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү” сүрөт тартуу сынагы

Chuy region
“Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү” сүрөт тартуу сынагы

СҮРӨТ ТАРТУУ СЫНАГЫН ӨТКӨРҮҮ ТАРТИБИ


1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын
 29-декабрындагы №369 “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Министрликтин 2024-жылынын иш планын аткаруу максатында,
 “Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү” экологиялык акциясын ишке ашыруу боюнча сүрөт сынагы.


  1. Сынактын аталышы:  “Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү”

3. Ак илбирс - Жаратылыштын байлыгын, экосистеманын туруктуулугун жана өлкөнүн маданий мурасын чагылдырган Кыргызстандын улуттук символу.

Ошондой эле, Ак илбирс Кыргыз элинин туруктуулугун, өлкөнүн сыймыгын жана улуттун байлыгын билдирет.


4. Сынактын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
 (мындан ары – Министрлик), Ак илбирс жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программанын катчылыгы (мындан ары – Катчылык) менен биргеликте, бардык кызыкдар жарандарды Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ушул улуу жаныбардын сүрөтүн колго тартып  түшүрүү боюнча“Сүрөт тартуу сынагына” катышууга чакырат. 


5. Сынактын максаты: Ак илбирсти улуттук символ деп таанытып билүү, жайылтуу, үгүттөө жана табиятка болгон сүйүүнү тарбиялоо, чыгармачылык иш-аракеттер аркылуу сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактоо маселелерине көңүл бурдуруу.


6. Сынакты өткөрүү тартиби:

6.1. Сынак 2 этаптан турат;

- 1- этап Министрликтин Регионалдык башкармалыктарында ( мындан ары – Башкармалык) сынак жарыяланып, ар бир Башкармалыкта сынак өткөрүлүп, жеңүүчү аныкталат;

- 2-этап Башкармалыктардагы жеңүүчүлөрдүн арасынан, Министрлик менен Катчылык тарабынан аныктоо үчүн Башкармалыктардын жеңүүчүлөөрүнүн сүрөттөрү Министрликке (түп нускасы,. Бишкек ш., Эркиндик 2)  жөнөтүлөт (Министрлик менен Катчылык 2-этаптын жеңүүчүсүн аныктайт).


 6.2. Сынактын катышуучулары:

- сынак бардык каалоочулар үчүн жаш курагы чектелбестен ачык;

- сынакка катышуу үчүн ар бир Башкармалыктын электрондук почтасына (же ватсап аркылуу) колго тартылган сүрөттөр pdf, jpg, png  форматында жөнөтүлүшү керек жана сынакка катышуучу Башкармалыкка жөнөтүлгөн сүрөт боюнча маалымдап коюсу шарт.


6.3. Сүрөттөрдү баалоо кандай жүрөт:

- ар бир Башкармалыкта калыстар тобу түзүлөт (калыстар тобу Башкармалыктын кызматкерлеринен түзүлүп, курамына кесипкөй сүрөтчүлөр, экологдор жана экоактивисттер кирсе болот).


6.3.1. Сүрөт төмөндөгүдөй критейрилерди камтыш керек:

- темага дал келүүсү;

- идеянын өзгөчөлүүгү;

- аткаруу техникасы;

- эстетикалык баалуулук.


6.4. Техникалык талаптар:

- сүрөттө Ак илбирсти борбордук элемент катары камтууга тийиш;

-дизайн оригиналдуу, чыгармачыл жана оңой таанылышы керек;

- ак илбирстин күчү, көрктүүлүгү жана табигый жашоо чөйрөсү сыяктуу мүнөздүү белгилерин чагылдырышы керек;

- сүрөттү тартууда ар кандай карандаш, боек жана пастел ж.б.у сүрөт тартуу куралдарын колдонсо болот;

- сүрөттүн өлчөмү А3 форматынан ашпаш керек; 

- сүрөттүн оң ылдыйкы четинде же арткы бетинде автордун аты-жөнү, жаш курагы, байланыш маалыматтары көрсөтүлүүшү тийиш.


6.5. Жеңүүчүлөрдү тандоо процесси жана сыйлоо аземи:

6.6. Байгелүү орундар:

- ар бир Башкармалыктан калыстардын чечими менен 1-этаптын женүүчүсү табылат; 

- балуу белектер, ыраазычылык кат менен сыйланып  жана 2-этаптын катышуучусу боло алат;

- 2-этаптын жеңүүчүсү Министрлик менен Катчылык тарабынан аныкталат жана Министрликтин ыраазычылык каты жана балуу белеги менен сыйланат.


6.7. Жеңүүчүнү жарыялоо:

- сынактын аякташы менен жеңүүчү Министрликтин соц баракчасында, сайтында көрсөтүлөт жана жеңүүчүнүн, автордун өзүнө кабарланат.


6.8. “Ак илбирс – Ала-Тоонун көркү” экологиялык акциясынын Сүрөт сынагына катышуу менен бул улуу жаныбарды сактап калууга ар бирибиз салым кошо алабыз! 

Андыктан Министрлик жана Катчылык өткөрүп жаткан сынакка катышып, өлкөбүздөгү бул улуу жана уникалдуу жаныбарды  сактап калууда өз салымыңызды кошуп кетүүгө чакырабыз!

ikntuoos@mail.ru.
03943 4-2618.
0550506697  Усенбаев Төлөгөн Окенович