Баткенде экологдор коррупцияга каршы окутуудан өттү

Batken region
Баткенде экологдор коррупцияга каршы окутуудан өттү

2024-жылдын 17-май күнү Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын кызматкерлерине жана Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлоруна коррупцияга каршы эл агартууга багытталган семинар иш-чара болуп өттү

Окутууга Министирликке караштуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери жана министрликтин коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Б. Какешов, тарабынан уюштурулду.

Иш чара, коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу, учурдагы коррупцияга каршы мыйзамдардын жоболорун түшүндүрүү менен, мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, кызматкерлердин арасында чынчылдык жана ак ниеттүүлүк маданиятын көтөрүүгө багытталды.

Аталган  иш-чара “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын” ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.