Бишкек шаарындагы №73 орто мектептин тиешелүү аймагында бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу боюнча министрлигинин маалыматы

Chuy region

Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан 2022-жылдын 11-апрелинде №73 орто мектебинин тиешелүү аймагында мыйзамсыз бак-дарактарды кыюу фактысы аныкталды.

Тиешелүү уруксат кагаздары жок 47 даана бак жана 8 даана бадал кыйылган.

Айлана чөйрөгө келтирилген зыян 72 605 (жетимиш эки миң алты жүз беш) сом 28 тыйын түздү.

Акт түзүлүп, материалдар Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына жана маалымат үчүн Октябрь райондук прокуратурасына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде чара көрүү үчүн тапшырылып берилди.