Деятельность Службы экологического технического надзора

Naryn region
Деятельность Службы экологического технического надзора

Экологиялык техникалык кɵзɵмɵл кызматынын ишмердиги


Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана "Илбирс" коомдук фондунун кызматкерлери  менен биргеликте балыктардын урук таштоо мезгилинде мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу, аныктоо жана алдын алуу боюнча рейдттик иш-чаранын алкагында Кочкор районунун Кара- Суу айылынын  тургундары Көл-Үкөк жайлоосунан мыйзамсыз балык кармап жаткан  жарандар аныкталып,  жеринен   3 - протокол түзүлүп  жалпысы; 21210 сом доо жана 3000 сом айып салынган

________

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Токтогул районунун анчы адистери тарабынан 2024-жылдын 19-майында Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык улоо фактыларын аныктоо жана болтурбоо максатында ыкчам рейдттик иш-чаралар өткөрүлдү. 

Жыйынтыгында мыйзамсыз балык улоо боюнча 4 факты аныкталып, КРнын"Укук бузуулар жонундо" кодексинин 267-беренесине ылайык 4-жаранга 22000 сом айып салынып, 7878сом доо коюлду. Ошондой эле болжол менен 3500 метр торлор суудан чыгарылып жок кылынды.