Экологиялык талаптарды сактоо боюнча текшерүүнүн жыйынтыктары
03-july 2025, 17:58

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан 2025-жылдын 2-июлунда Ысык-Көл облусунун Бостери айылында жайгашкан бир катар эс алуу жайларына жана уюмдарга экологиялык талаптардын сакталышы боюнча рейдтик иш-чара жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй укук бузуулар аныкталды.
Каз ГУ спорттук ден соолукту чыңдоо борборуна
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөгү кодексинин 115-беренесинин:
• 1-бөлүгүнө ылайык — 17 000 сом,
• 2-бөлүгүнө ылайык — 23 000 сом айып пул салынды.
Жалпы сумма: 40 000 сом
🔹 “Даймонд” пансионатына
Ошол эле 115-берененин:
• 2-бөлүгүнө ылайык — 23 000 сом,
• 3-бөлүгүнө ылайык — 23 000 сом айып салынды.
Жалпы сумма: 46 000 сом
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жалпы салынган айып пул: 86 000 сом
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-августунда кабыл алынган №177 Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Ысык-Көл облусунун аймагында полиэтилен баштыктарды колдонууга тыюу салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бул иш-чаранын алкагында эс алуучуларга жана ишкер субъектилерине жалпы 45 эскертме баракчасы таратылып, калк арасында экологиялык маданиятты жогорулатууга багытталган түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.