Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Chuy region
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Экологиялык жана техникалык кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2024 - жылдын 5 - июлунда Аламүдүн районунда мыйзамсыз балык улоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектерине карата укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча түшүндүрүү иштерин камтыган оперативдик рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.

Жыйынтыгында, мыйзамсыз балык улоо фактылары аныкталып, Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 266 ылайык, жалпы суммасы 2000 сомду түзгөн 2 протокол түзүлдү.

Мындан ары мыйзамсыз балык улоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө карата укук бузууларды аныктоо максатында рейддик иш-чаралар улантылат. Жаратылыш ресурстар министрлиги жарандарды жана Кыргыз Республикасынын конокторун жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө карата укук бузуу фактыларынан алыс болууга жана болтурбоого чакырат