Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

Chuy region
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү

2024 жылдын 17-июлунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы менен биргеликте “атмосфералык абаны коргоо жөнүндө” биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагында кезектеги рейд жүргүзүлдү.

Рейддик иш чаралардын жүрүшүндө 19 автоунаа текшерилип, айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейдтик иш чаралар улантылат. Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттарын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.