Коррупцияга каршы күрөшүү багытында жыйын өткөрүлдү

Chuy region

2023-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-2024-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатын ишке ашыруу максатында Талас регионалдык башкармалыгында жыйын өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары министирлигинин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакыт Какешов Талас регионалдык башкармалыгынын кызматкерлерине коррупциянын алдын алууну жана аны менен күрөшүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздери, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин азайтуу, анын себептерин жоюу боюнча баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу багытында кошумча кеңештер берилди. Коррупция сыяктуу көйгөйлөргө каршы бирдиктүү иш – аракеттин негизинде күрөшүүгө, анти-коррупциялык чараларды жакшыртуу боюнча жыйын соңунда суроо- жооптор берилип, талкуулар жүргүзүлдү.