Кыргыз-Кытай кызматташтыгы: Туугандаш көлдөр тууралуу макулдашуу
14-august 2025, 11:55
Кытай Эл Республикасынын (Цинхай провинциясы) менен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көлү ортосунда туугандаш көлдөрдүн мамилелерин орнотуу тууралуу ниет меморандуму
Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын Цинхай көлү жана Кыргыз Республикасынын Ысык-Көлү көптөгөн окшош өзгөчөлүктөргө ээ болуп, экологиялык жана социалдык багытта кызматташтыкты тереңдетүү максатында, «Бир алкак, бир жол» демилгесине активдүү катышуу жана туруктуу өнүгүүнү колдоо үчүн, тараптар достук кеңешмелерден кийин ушул ниет меморандумуна кол коюшту.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жетигенов Бакытбек Женишбекович, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кыштобаев Максат Батырбекович жана Кытай Эл Республикасынын Цинхай провинциясынын өкүлдөрү катышышты.
Тараптар көлдөр боюнча кызматташтык мамилелерин түзүү жана тажрыйба алмашуу максатында өз ара визиттерди, семинарларды, илимий иш-чараларды жана башка аракеттерди уюштурууну макулдашышты. Мындан тышкары, «Бир алкак, бир жол» концепциясы негизинде ресурстарды биргелешип колдонуу, инфраструктуралык долбоорлорду талкуулоо жана куруу, суу сапатын жана экологиялык абалды көзөмөлдөө маселелери каралды. Ошондой эле, туугандаш көлдөр деп аталган экотуризм маршруту түзүү жана ишке ашыруу пландалууда. Бул кызматташтыкка климаттык өзгөрүүлөрдү изилдөө, коомдордун жашоо образы жана экологиялык билим берүү жаатында иш-аракеттер киргизилет.
Бул келишим эки тараптын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого жана туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.