Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу коррупцияга каршы эл агартууга багытталган семинар иш-чара өткөрдү
17-may 2024, 17:26
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу коррупцияга каршы эл агартууга багытталган семинар иш-чара өткөрдү
2024-жылдын 16-Майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ош регионалдык башкармалыгында "Мамлекеттик органдардагы коррупциянын алдын алуу" темасында иш-чара болуп өттү.
Бул семинар Ош регионалдык башкармалыгынын, Кулун Ата, Кыргыз-Ата, Кара Шоро МЖКунун жана экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлерине министрликтин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, юридика илимдеринин кандидаты, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун кылмыш укугу жана криминология кафедрасынын доценти Б.Д. Какешов, тарабынан уюштурулду.
Коррупцияга каршы агартуунун төмөнкү аспектилерине токтолуп, коррупцияга жол бербөө боюнча активдүү жарандык позицияны калыптандыруу максатында , учурдагы коррупцияга каршы мыйзамдардын жоболорун түшүндүрүп, мүмкүн болуучу коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин ведомстволорунун кызматкерлеринин арасында чынчылдык жана ак ниеттүүлүк маданиятын көтөрүүнү белгиледи.
Бул иш-чара “Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2023-2025-жылдарга коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча стратегиялык иш-аракеттер планын” ишке ашыруунун алкагында өттү.
Мындан тышкары жумуштарды аткарууда Министрлике караштуу Биотурдуулукту сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери катышып , жыйындын катышуучуларынан берилген суроолорго жоопторду берүү жана өздөрүнүн иш жүзүндөгү болуп жаткан жумуштар менен тааныштырды.