Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери министрликте талкууланды

Chuy region
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери министрликте талкууланды
2026-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чара министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиевдин жетекчилиги алдында өттү.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын жана Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги №211 токтомунун аткарылышы талкууланды.

Иш-чарада КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев “Мамлекеттик тил корголууга эмес, колдонууга муктаж”  аттуу баяндама жасады.

Талкуунун алкагында мамлекеттик тилди иш кагаздарында, расмий документтерде, веб-сайттарда, коомдук иш-чараларда жана калкка кызмат көрсөтүүдө кеңири колдонуу маселелери каралды.


Министрдин биринчи орун басары Ж. Сейдалиев белгиленгендей министрликте иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү, расмий документтерди тариздөө, маалымат такталарын мамлекеттик тилде жайгаштыруу жана кызматкерлердин “Кыргызтест” системасы аркылуу тил билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлүүдө – деп белгиледи.


Жыйынга министрликтин жетекчилиги жана борбордук аппараттын кызматкерлери катышты.