Мергенчилик ырастамын алуу үчүн сынак өттү

Talas region
Мергенчилик ырастамын алуу үчүн сынак өттү

Мыйзамсыз мергенчиликке каршы КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Талас регионалдык башкармалыгы тарабынан  мергенчилик ырастамасын алууга талапкерлер арасында тестирлөө өттү. Анда мыйзамдуу мергенчилик ырастамасын алуу үчүн арыз менен кайрылган жарандар үчүн мергенчилердин укуктары жана  милдеттери боюнча  суроолор берилди. Белгилей кетсек, мергенчилик ырастамасын алуу үчүн тестирлөө ар бир квартал сайын башкармалык тарабынан уюштурулат.