Министр М. Машиев “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигине брифинг берди, анда министрликтин ишмердиги боюнча негизги багыттарга токтолуп, суроолорго жооп берди

Chuy region
Министр М. Машиев “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигине брифинг берди, анда министрликтин ишмердиги боюнча негизги багыттарга токтолуп, суроолорго жооп берди

Алгач сөзүңдө министрликте күтүлүүчү реформаларга токтолду; алар төмөнкүлөр:

Биринчи – мамлекеттик экологиялык жана техникалык көзөмөлдү күчөтүү.

Экинчи – санариптештирүү жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, Үчүнчү – экологиялык төлөмдөр боюнча реформа, 

Төртүнчү – жер казынасын пайдалануу тармагындагы кырдаалды жакшыртуу.

Кен казуу багытында ири кампаниялардын ишмердиги боюнча малымат берип, келечектеги пландарга дагы токтолду.  

Өндүрүшкө киргизилген запастар:

    •    Руда – 52 605,3 миң т.

    •    Алтын – 170 443,28 кг.

2024-жылдын июнь айында “Кумтор Голд Компани” тарабынан кошумча 147 т алтын запасы тастыкталды.

Руда өндүрүү көлөмү:

    •    2023-жыл – 12 397,60 миң т.

    •    2024-жыл – 7 286,285 миң т.

Бюджетке төлөнгөн салыктар:

    •    2021-жыл – 14 190 125 миң сом.

    •    2022-жыл – 35 410 837 миң сом.

    •    2023-жыл – 17 241 071 миң сом.

    •    2024-жыл – 29 251 886 миң сом.

Компаниянын кирешеси:

    •    2021-жыл – 233,1 млн доллар.

    •    2022-жыл – 371,7 млн доллар.

    •    2023-жыл – 302,5 млн доллар.

    •    2024-жыл – 397,7 млн доллар.

Титаномагнетитти кайра иштетүүчү заводдун курулушу кандай этапта?


2024-жылдын июнь айында Кыргызстандын бийлиги титаномагнетитти кайра иштетүүчү заводдун курулушун жарыялады. Учурда “Кыргызалтын” ААКсы Таш-Булак участогунда технологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Запастарды аныктоо, аларды иштетүү жана геологиялык чалгындоо иштерине байланыштуу техникалык долбоорлор иштелип чыгууда.


Кыргызстандагы кен иштетүүнүн жалпы абалы


2021-жылдын 29-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин № 5 “Кыргызстандын тоо-кен тармагын реформалоо жөнүндө” Жарлыгы боюнча:

    •    Стратегиялык маанидеги кендерди иштетүү толугу менен мамлекетке таандык компаниялар тарабынан жүргүзүлөт.

    •    Перспективдүү кендердин лицензиялары мамлекеттик үлүшү бар чарба субъекттерине гана берилет.

    •    Кен аянттары жалпы негизде аукцион аркылуу иштетүүгө берилет.


Биоресурстар багытында 

2024-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында рейдтик иш-чаралардын натыйжасында 333 жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталган, мунун ичинде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине мыйзамсыз аңчылык кылуу жана өсүмдүктөрдүн же алардын тамырларын  мыйзамыз чогултуу кирет. Алардын ичинен 272 факты жаныбарлар дүйнөсү боюнча, 61 факты өсүмдүктөр дүйнөсү боюнча.

    Аларга карата тийиштүү акт/протоколдор түзүлүп, жалпысынан жаратылышка келтирилген зыян 11 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Катталган 333 иштин 233 иш боюнча келтирилген зыяндын оорду толтурулган жана анын натыйжасында мамлекеттик бюджетке 5 миллион сомдон ашык акча каражаты өндүрүлгөн.

2024-жылы жаныбарлар дүйнөсү боюнча эң ири доонун суммасы 1 500 000 сомду түздү. (1 баш кулжа мыйзамсыз олжолонгон) жарандарга белгилеп эскерте кетчү учур. Эгер кайсы бир жаран Аркар/Кулжага мыйзамсыз аңчылык кылып кармалып калса 1 500 000 сом доо коюулуп андан тышкары КР Кылмыш жаза Кодексинин 308 беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып 100 000 ден 200 000 сомго чейин айыпка тартылып же 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Браконьерлер кантип аныкталат? 

Браконьерлер менен  күрөшүүдө көптөгөн ыкмалар колдонулат, себеби браконьерлер да тынымсыз жаңы жолдор менен кылган мыйзамсыз жумушун жашырууга аракет кылышат. Браконьерлерди аныктоо үчүн браконьердей ой жүгүртүү керек. Жон гана тоо ташка чыгып браконьерди кармап алуу ор.

Браконьерликке каршы күрөшүү көптөгөн түрлүү жолдор, ыкмалар менен жүргүзүлөт. Алардын ичинен эң негизгиси болуп: 

•    дрондордун колдонуу менен;

•    тепловизорлорду колдонуу менен;

•    фотокапкандарды колдонуу (мыйзамсыз фактылар көп журүп, аныкталаган жерлерге орнотулат);

•    ыкчам түрдө (эч жака маалымат берилбей) уюштурулган рейдтик 

иш-чаралар;

•    үйрөтүлгөн кызматтык иттер;

•    экологиялык посттор иштөөдө (Ысык-Көл, Нарын)


Климаттык саясат

Климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу, айрыкча тоолуу аймактарда, маанилүү маселе болуп саналат, анткени бул аймактар климаттын өзгөрүшүнүн таасирине өтө сезгич келет. Тоолуу аймактар төмөнкү көйгөйлөргө туш болууда:

    •    мөңгүлөрдүн эриши,

    •    суу ресурстарынын өзгөрүшү,

    •    экстремалдуу аба ырайынын көбөйүшү (сел, кургакчылык, жер көчкү ж.б.).

Эл аралык кызматташтык жана “Жашыл экономика”


Кыргызстан эл аралык уюмдар менен кызматташып, инфраструктураны жакшыртуу жана табигый ресурстарды натыйжалуу башкаруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.

Ошондой эле, өлкө “жашыл экономикага” өтүүнү көздөп, төмөнкү тармактарда иш алып барууда:

    •    Жашыл технологиялар,

    •    Санариптештирүү,

    •    Жашыл энергетика жана көмүртексиз өнөр жай.


Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин кандай аткарууда?


Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу өлкө болгонуна карабастан, Борбор Азиядагы эң төмөнкү көмүр кычкыл газынын (CO₂) бөлүнүп чыгаруучу мамлекет.


Максаттары:

    •    2030-жылга чейин парник газдарын 15.97%га кыскартуу,

    •    2050-жылга чейин көмүртек бейтараптуулугуна жетишүү.


     Калдыктарды башкаруу

Республика боюнча катуу тиричилик калдыктарды жайгаштыруучу жайлар.  Административдик-аймактык реформага чейин республиканын аймагында калдыктарды жайгаштыруучу 411 жай катталган. Полигондорду борборлоштуруу жана рекультивациялоо менен административдик-аймактык реформадан кийин алардын жалпы саны 290-ду түздү, алардын 71-де документтер бар, 219-да документтер жок.


Калдыктарды кайра иштетүү.


Бүгүнкү күнгө республика боюнча калдыктарды кайра иштетүү менен алектенген 92 ишкана тууралуу маалымат бар. Азыр тактоо иштери жүрүп жатат, аталган сан өзгөрөт. 

Анын ичинде: Бишкек шаарында – 56, Чүй облусунда – 14 , Ош облусунда – 6, Ош шаарында – 6, Жалал – Абад облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Баткен облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 2, алардын көпчүлүгү Чүй облусунун аймагында жайгашкан. 

Анын ичинен калдыктардын түрлөрү боюнча төмөнкүлөр кайра иштетилет: пластик калдыктары – 37, кагаз калдыктары – 13, медициналык калдыктар – 8, металл – 4, иштетилген майлар – 5, аккумулятордук батареялар – 4, автомобиль шиналары – 4, айнек калдыктары – 2, сымап камтыган калдыктар– 1, башка тиричилик калдыктары– 14 ишкана.


Ысык-Көлдөгү саркынды сууларды тазалоочу жайдын абалы

Ысык-Көл облусунда жайгашкан жалпы санаторийлердин, пансионаттардын, эс алуу жайларына инвентаризация жүргүзүлүп, жалпы 1127 эс алуучу жайлары аныкталды, анын ичинен:

-    саркынды сууларды тазалоочу жайлары бар – 185;

-    канализациялык тутуму башка эс алуу жайдын жана борборлоштурулган тазалоочу курулмаларына кошулган – 208;

-    жаңы курулуп жатканы – 39;

-    тазалоочу курулмасы жоктору – 695 түзгөн.

695 эс алуу жайларына тазалоочу курулма салуу милдеттендирүү боюнча билдирүүлөр (уведомление) берилди.

Мындан сырткары, калган 185 эс алуу жайларына тазаланып чыгарылган суулардын үлгүлөрүн лабораториялык анализ жүргүзүү үчүн келишим түзүү боюнча эскертмелер берилди.


Экологиялык техникалык көзөмөл 

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2025-жылдын 10 февралында “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексине кабыл алынган өзгөртүүлөрдүн негизинде — 209-беренеге «Мамлекеттик экологиялык экспертизадан качуу же анын талаптарын аткарбоо» бузулса жеке жактарга мурун 5 500сом болсо, азыркы өзгөртүлгөн редакцияга ылайык 15 000 сом болду, ал эми юридикалык жактарга мурун 17 000 сом болсо, азыркы өзгөртүлгөн редакцияга ылайык 30 000 сом өлчөмүндө айып салынат.

— 254-беренеге Жапайы өсүмдүктөрдүн түрлөрүн интродукциялоо жана климатташтыруу боюнча айып пулдун өлчөмү жеке жактарга мурун 3 000 сом болсо, азыркы өзгөртүлгөн редакцияга ылайык 10 000 сом болду, ал эми юридикалык жактарга мурун 13 000 сом болсо, азыркы өзгөртүлгөн редакцияга ылайык 28 000 сомго чейин көтөрүлдү. Бул беренеде чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга ар кандай өсүмдүктөрдү патологиялык оорулар боюнча экспертизасыз алып келүүгө бөгөт коюлган.

— 259-беренеге Токойдо жаныбарлар дүйнөсүн жок кылууну жөнгө салган айып пулдун өлчөмү жеке жактарга мурун 10 000 сом болсо, азыркы өзгөртүлгөн редакцияга ылайык 20 000 сом болду, ал эми юридикалык жактарга мурун 28 000 сом болсо, азыркы өзгөртүлгөн редакцияга ылайык 55 000 сом өлчөмүндө айып көтөрүлгөн.