Нарын облусунда биотүрдүүлүктү сактоо боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
23-may 2025, 15:10

22-май “Биотүрдүүлүктү сактоонун эл аралык күнүнө” карата Нарын облусунда бир катар маанилүү интеллектуалдык иш-чаралар өткөрүлдү.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгына караштуу К. Базарбаев атындагы “Каратал-Жапырык” мамлекеттик жаратылыш коругу тарабынан Нарын шаарындагы М.Мырзабеков атындагы №87 кесиптик лицейинин окуучуларынын арасында “Биотүрдүүлүктү сактоо” темасында интеллектуалдык оюн уюштурулду.
Оюндун жүрүшүндө “Эверест”, “Ак илбирс” жана “Жеңиш чокусу” командалары таймашып, жыйынтыгында “Ак илбирс” командасы 1-орунду, “Жеңиш чокусу” 2-орунду, ал эми “Эверест” командасы 3-орунду ээледи. Жеңүүчүлөргө дипломдор, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды. Иш-чаранын соңунда окуучуларга видеослайд көрсөтүлүп, атайын даярдалган маалыматтык буклеттер таратылды.
Ошол эле күнү Кочкор районунун райадминистрациясында “Соң-Көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоо жана туруктуу жашоо каражаттарын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында GAG коомдук уюмунун колдоосу менен Туруктуу өнүгүү стратегиясы институту тарабынан “Жаштар: Соң-Көлдү сактап калуу менен келечегибизди түзөбүз” аталышындагы семинар болуп өттү.
Семинардын максаты – жергиликтүү жаштар менен жамааттарды Соң-Көлдүн экосистемасын сактоого тартуу, келгин канаттуулардын жана тоо каздарынын жашоо чөйрөсүнө көңүл буруу, ошондой эле экологиялык жоопкерчиликти жогорулатуу болду. Иш-чарага ар кандай мамлекеттик жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, мектеп директорлору, жергиликтүү активисттер жана окуучулар катышты. Корук кызматкерлери тарабынан Соң-Көл экосистемасы жана анын биологиялык ар түрдүүлүгү тууралуу презентация сунушталып, үч орто мектеп арасында “Соң-Көлдү сактайлы” аттуу квест-викторина өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланышты.
Бул иш-чаралар биотүрдүүлүктү сактоо жана жаштар арасында экологиялык аң-сезимди жогорулатуу багытында маанилүү кадам болуп саналат.