Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Chuy region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

2024-жылдын 22- февралында  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Баткен регионалдык  башкармалыгынын өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн аңчы адистери жана егерлери менен биргеликте жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча  рейддик иш-чараларды өткөрүштү.Кадамжай районунун Үч коргон айыл аймагында жүргүзүлгөн рейддин алкагында  мыйзамсыз аңчылык кылуу фактысы аныкталып, текшерүүнүн жыйынтыгында 10 даана (щегол) сайроочу чымчыгын капаска кармап бараткан жаран кармалган. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын инспектору тарабынан укук бузуу боюнча протокол түзүлдү. Бул эреже бузуу боюнча Кыргыз Респебликасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261- берененин 1-пунктуна ылайык  10 000 сом айып салынды. Ал эми кармалган сайроочу чымчыктарды  кайра жаратылыш чөйрөсүнө  учуруп жиберилди.


Ошондой эле инспекторлор тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.