Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Naryn region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

2024-жылдын 7-июнь күнү К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери тарабынан 5-июнь "Бүткүл дүйнөлүк  айлана чөйрөнү коргоо күнүнө" карата Чатыр-Көл корук участогундагы  Бишкек-Торугарт  авто жолунун айрым корукка  жакын участкаларын таштандылардан арылтуу максатында "Таза  тоолор" акциясы өткөрүлдү. Аталган иш чарага Нарын регионалдык башкармалыгынын башчысы Р.Токталиев катышты. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2024 жылдын 11- мартындагы  06-п номерлүү буйругу боюнча Полимер пакеттер  жана пластик (полиэтилентерефталат) жасалмаларга чек коюу иш аракеттерин көрүү максатында болжол менен 400 кг өлчөмүндө катуу калдык таштандылар, анын ичинде пластик идиштер жыйналып таштанды төгүүчү жайга ташталды.