Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Osh region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан, Ош шаарындагы эс алуу жайларда жайгашкан Аттракциондорду иштетуудо техникалык коопсуздук эрежелеринин сакталышы жана аткарылышы боюнча балдар Келечеги ЖЧК (А. Навои парк жана Ак-Буура эс алуу жайларынын)  жетекчилеринин катышуусунда операторлорго тушундуруу иш аракеттери жургузулду Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, аттракциондорду даярдоо, монтаждоо, тууралоо, модернизациялоо, оңдоо, коопсуз иштешин уюштуруу, аттракциондорду орнотуу, техникалык диагноздоо жана тейлөө кызматкерлеринин даярдоо жана билимин текшерүү боюнча талаптардын аткарылышы боюнча түшүндүрүү менен билдирүүлөр берилди. Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясына жана Ош облусунун бардык райондук мамлекеттик администрация башчыларына (акимдерге) Аймактардагы эс алуучу жайлардагы аттракциондордун коопсуздук абалы боюнча көзөмөлгө алууну камсыз кылуу боюнча билдирүүлөр берилди