Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Osh region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан, Араван районуна караштуу С Юсупов айыл өкмөтүндөгү турмуш тиричилик калдыктарын топтоочу жайында текшерүү иштери жүргүзүлдү. 

Текшерүүдө, аталган мал жандыктардын таштандылары төгүлгөн фактылар аныкталган жок себеби, айыл өкмөт тарабынан тазадоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгы аныкталды. 

Ошондой эле, бүгүнкү күндө, калдык топтоочу полигондун иш кагаздарын толук кандуу мыйзамдаштыруу жагы жолго коюлбай жаткандыктан жана калдыктарды жайгаштыруу тартибин бузгандыгы үчүн, С. Юсупов айыл өкмөтүнө КРнын укук бузуулар Кодексинин 212-беренесинин негизинде 23000сом айып салынды. 

Буга чейин аталган айыл өкмөткө берилген эскертмелерди убагында аткарбагандыгы үчүн КРнын укук бузуулар Кодексинин 434 беренсинин негизинде 13000сом жана ушул эле Кодекстин 212-берегнсинин негизинде 23000сом айыптар салынган жанан тартиптик чараларды көрүү үчүн Араван райондук прокуоатурасына материалдар берилген.

Азыркы мезгилде көзөмөлдү күчөтүү максатында айыл өкмөт тарабынан полигонго кароол кана жана видео байкоолорду уюштурууда