Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Jalal-Abad region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспектору, Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын Тогуз-Торо району боюнча егери жана Тогуз-Торо токой чарбасынын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам рейд жүргүзүү учурунда, Тогуз-Торо районунун Кара-Гоо участкасынын Мылык колотунда, КРнын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 28-майындагы № 270  менен кабыл алынган “Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн айрым түрлөрүн пайдаланууга убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө” токтому менен тыюу салынган Эндик  (Макротомия Macrotomia) өсүмдүгүнүн тамырын мыйзамсыз казып жүргөн жаран жеринде аныкталып, анын жанынан каптын ичинен 6,2 кг  Эндик  өсүмдүгүнүн тамыры бар экендиги такталды. 

Жыйынтыгында, жеринде тийиштүү актылар түзүлүп, КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы №224 Токтомунун негизинде эсептөөлөр жүргүзүлүп, Эндик өсүмдүгүнүн тамырын терип жүргөн жаранга 9300 сомдук доо коюлуп, КРнын Укук бузуулар кодексинин 264-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол жазылып 5500 сомдук айып пул салынды. Бүгүнкү күндө убактылуу алынган 6,2 кг Эндик  өсүмдүгүнүн тамырын мыйзам чегинде карап конфискациялоо чечимин карап берүү жагы суралып, Тогуз-Торо райондук сотуна кат даярдалууда.