Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Talas region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш  ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана Егерь кызматкерлери   жаратылышка зыян келтирген жарандарды аныкташты

17-июлда инспекторлор тарабынан Талас району боюнча көзөмөл иштерин жүргүзүудо М.Оморов Беш-Таш өзүндө  балык улоо аракетинде жүргөнү аныкталып,  КР УБ кодексинин 266-беренесин 1-пунктуна ылайык протокол түзүлүп 1000 сом айып салынды.

18-19-июль, 2024-жылы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана  Егерь кызматкерлери, коомдук инспекторлору менен бирдикте Айтматов району боюнча көзөмөл иштерин жүргүзүштү. Жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылынын тургуну  Иманалиев Алмандын спринтер автоунасы  Кара-Буура  күзөтунөн токтотулуп кароо жүргүзгөндө каптарга салынган 1437 кг эндик жана 300 кг бозунач жапай өсүмдүктөрү табылган. 

Андан тышкары аталган райондун Жаны-Базар айылынын тургуну Жумабек уулу Бактыбектин спринтер автоунасынан капка салынган  475 кг эндик өсүмдүгүн алып келе жатканы аныкталып, далил заттар иш такталганча убактылуу алынды. 

Жыйынтыгында жарандардан түшүнүк каттар алынып актылар түзүлүп фото, видео тасмага тартылып далилденди. 

Бүгүнкү күндө топтолгон материалдар боюнча кошумча иликтөө жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө. 

Өткөн айларда Калба, Арал айыл өкмөттөрүн контролдук текшерүү учурунда КР УБ кодексинин 434-беренеси менен ар бирине 13000 сомдон салынган айыптар толук өндүрүлдү.