Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Naryn region
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

2024-жылдын 5-июль күнү Нарын шаарындагы Хан-Тенири жыйындар залында К.Базарбаев атындагы Каратал-Жапырык мамлекеттик  жаратылыш коругунун 30 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу конференция өткөрүлдү. Конференцияда жаратылыш коругундагы 30 жыл ичинде аткарылып келген иштери жана келечектүү багыттары боюнча маалыматтар берилип, мекеме жетекчилеринин куттуктоолору болду. Аталган иш чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары М.А.Аманкулов  ошондой эле алыскы  Тоолуу Алтай Республикасынын Катунь биосфералык жаратылыш коругунун  экологиялык агартуу иштери боюнча   директорунун орун басары А.Т.Майманова  жана  методист Р.Н.Бочкарева жана башка көптөгөн коноктор катышып, Нарын мамлекеттик жаратылыш коругунун директорунун  орун  басары Ж.Т.Кырбашев жана Салкын-Төр жаратылыш паркынын улуу илимий кызматкери Ү.Исмаилов, Орхусс борборунун Нарын облусундагы өкүлү  С.К.Калмуратовдор  негизги ишмердүүлүктөрү боюнча  видео слайд аркылуу маалымат беришти.  Экинчи күнү 6-июлда Конференциянын практикалык бөлүгү Соң-Көл өрөөнүндө Батай-Арал участогунда уюштурулуп,  келген конокторго Соң-Көл корук  участкасы, суулуу-саздак  жерлерди байырлаган канаттууларга  мониторинг жүргүзүү   ыкмалары менен тааныштырылып, Катунь биосфералык коругу тарабынан жайлоодогу жашоочулардын балдарына атайын даярдалган экологиялык оюн өткөрүлдү.