Таласта антикоррупциялык билим берүү семинары өттү

Talas region
Таласта антикоррупциялык билим берүү семинары өттү

2025-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын, Министирликтин алдындагы Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын,«Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун жана «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркын кызматкерлери үчүн коррупцияга каршы билим берүү семинары өткөрүлдү.


Иш-чараны Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Руслан Акунов ачып, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун коррупцияга каршы саясатын ишке ашыруу жана бул тармакта алдын алуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгиледи.


Семинарды министрликтин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлү, юридика илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КМУнун Юридикалык институтунун доценти Бакыт Какешов алып барды. Ошондой эле иш-чарага министрликтин ички иликтөө секторунун кызматкери Канат Дабаев жана Финансылык-экономикалык башкармалыгынын кызматкери Руслан Субанов катышты.


Семинардын негизги максаты – мамлекеттик кызматкерлерди коррупцияга каршы мыйзамдардагы акыркы өзгөртүүлөр менен тааныштыруу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу жана мамлекеттик органдарда коррупцияга чыдоосуз мамилени калыптандыруу болду.


Иш-чара «Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык мыйзамдарындагы актуалдуу жаңылыктар» темасында өтүп, төмөнкү маселелер талкууланды:


2025-жылдын январынан тартып күчүнө кирген жаңы мыйзам демилгелери;


мамлекеттик кызматчылардын милдеттери жана ички көзөмөл механизмдери;


кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу чаралары;


киреше жана мүлктү декларациялоо тартиби;


коррупциялык укук бузуулар үчүн кылмыш-жаза, административдик жана тартиптик жоопкерчилик чаралары.


Катышуучулар Талас регионалдык башкармалыгынын, Министирликтин алдындагы Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын Талас регионалдык башкармалыгынын,«Беш-Таш» мамлекеттик жаратылыш коругунун жана «Кара-Буура» мамлекеттик жаратылыш паркын кызматкерлери мыйзамдардын негизги аспектилери боюнча кеңири маалымат алып, суроолоруна жооп алышты. 

Семинар кызыктуу жана пайдалуу деп баса белгилешти.