Тапшырмалар так аткарылууда

Chuy region

2023-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде бир катар мамлекеттик органдардын катышуусунда жумушчу кеңешме өтүп, анын соңунда Чу дарыясынын нугунун өзгөрүшүн жана анын таасирин жер-жерлерге чыгып, көрүп келүү мерчемделген.  

Жогоруда аталган тапшырманы аткаруу максатында 2023 жылдын 15-майында Чу дарыясынын сол жээгин жээктеп бекемдөө үчүн 5 негизги участок кароодон өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Өзгөчө кырдаалдар жана Айыл чарба министрликтеринин, ошондой эле УКМКнын өкүлдөрү катышты.