“Төрт-Гүл” суу сактагычындагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюлду

Batken region
“Төрт-Гүл” суу сактагычындагы мыйзамсыз аракеттерге  бөгөт коюлду

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш  ресурстары, экология  жана техникалык  көзөмөл  министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен  регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана Баткен регионалдык башкармалыгынын егерлери, аңчы адистери, биргеликте  2024-жылдын 23- июль күнү Баткен шаарындагы Төрт-Гүл  суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо фактыларына бөгөт коюу максатында ыкчам рейддик иш чара  өткөрүлдү.

Ыкчам иш чаранын алкагында Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору жана Баткен регионалдык башкармалыгынын егерлери тарабынан  2 жарандын  мыйзам бузгандыгы аныкталып, “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2000 сом айып пул салынып жана 2 жаранга 2525сом доо коюлду  мындан  сырткары  4 жаранга эскертүү берилди. Ошондой эле суу сактагычтын жеегиндеги кайырмак салган  жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп Төрт Гүл суу сактагычынын айлана чөйрөсүн таза кармоо жагында эскертишти.

Баткен регионалдык башкармалыгы мындан ары облус аймагындагы  браконьерлик менен алектенген жарандарга  чара көрүлөрүн билдирет жана мыйзам эрежелерин сактоого чакырат.