Түп айылында рейдтик иш-чаралар жүрүшүдө

Issyk-Kul region

2023-жылдын 13-майында түнкү саат 01:00дө Түп районунун Түп айылында болгон рейдтик иш-чаралардын жүрүшүндө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл-Нарын регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз балык улоо менен алектенип жүргөн жарандар кармалып, далил катары 1 даана деге (острого), 5 даана сазан балыгы, үйлөмө резина кайыгы табылган.
Аталган жарандарга Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 2 даана протокол түзүлдү. Үйлөмө резина кайык жана деге(острого) далил буюм зат катары алынды.