Ысык-Көлдө бир ай ичинде жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш чарасы алкагында 78 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 929 000 сомду түздү

Chuy region

Ысык-Көлдө бир ай ичинде жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу иш чарасы алкагында 78 административдик протокол түзүлүп, салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 929 000 сомду түздү.

Рейддик иш чаралар 2026-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейинки мезгил аралыгында өтүп, жаратылышты пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузуу боюнча көптөгөн фактылар аныкталган.

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы экологиялык жана Бишкек экологиялык прокуратурасы укук бузуулардын алдын алуу жана бөгөт коюу максатында рейддик иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет жана юридикалык, ишкердик субъекттерин жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын так сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана жаратылыш ресурстарына, ошондой эле аймактын экологиялык коопсуздугуна зыян келтирүүчү мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат.