Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат

Issyk-Kul region
Жарандардын кайрылуулары ыкчам каралат

Бүгүн 2024-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы М.Б. Кыштобаев тарабынан интернет булактарына 2024-жылдын 15-майындагы Чолпон-Ата шаарынын шаардык кум жээгинен суу куюучу түтүкчө аркылуу көлдүн ичине саркынды суу чыккандыгы тууралуу малыматты текшерүү максатында жеринен барып кароо жүргүзүлдү. 

Кароо жүргүзүү учурунда, термалдык ысык суу агып жаткандыгы аныкталды. Бул термалдык суу  1.2 км түндүк тарапта жайгашкан (SPA – Termal)  термалдык бассейнинен агып келип кошуулары белгилүү болду. Аталган  термалдык басейиндерди иштеткен жеке ишкер К.С Токтомуратовдун айтуусу боюнча термалдык сууга эч бир химиялык кошулмалар жана самындуу суулар кошулбайт. Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын экологиялык экспертиза бөлүмүнөн өткөн тиешелүү корутундусу бар экендиги тастыкталды. Ошондой эле башкармалыкттын Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн адистери тарабынан  жеринен барып термалдык суу көлгө кошулган жеринен  үлгүлөрдү алынды. Жыйынтыгы туралуу  кошумча маалымат бериле тургандыгын билдиребиз