Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан Сиздерди бүгүнкү ыйык Рамазан айынын Орозо айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Chuy region

Орозо айт — кайрымдуулуктун жана кубанычтын жышааны, элибиздин эзелтеден бери белгиленип келе жаткан салттуу майрамдарынын бири. Бул күнү элибиз салт катары бири-биринин үйүнө каттап, даам сызып, изги бата-тилектерин айтып келишет. Бүткүл ислам дүйнөсү бул күндү мээримдүүлүктүн, кечиримдүүлүктүн жана жаңылануунун белгиси катары кабыл алат.

 Орозо тутуу – бул тазаланууга , кең пейилдикке, кечиримдүүлүккө жана боорукерликке умтулууну билдирет. Миңдеген жылдар бою орозо айында элибиз келечекке ниет кылып, Жараткандан жерибиздеги тынчтыкты, элибиздеги ынтымакты тилек кылган.  Орозо кармаган баардык мусулмандардын кармаган орозосу кабыл болуп, каалоо-тилектери орундалсын, ар бир үйдө тынчтык, токчулук, береке, ынтымак жана аманчылык болсун! Жараткан жерибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бакыт-таалай берсин! Кыргызстаныбыз өсүп-өнүккөн, алдыңкы, кубаттуу өлкө болсун! Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин!    Айтыңыздар  маарек болсун кадырман кыргызстандыктар!

Министр  М. Тургунбаев