Жаратылыш ресурстары министрлиги Улуттук тазалык күнүнүн алкагында “Сейил” паркын тазалады

Chuy region
Жаратылыш ресурстары министрлиги Улуттук тазалык күнүнүн алкагында “Сейил” паркын тазалады

2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги, министрдин биринчи орун басары М.Р.Маметовдун жетекчилиги астында “Улуттук тазалык күнү” аттуу масштабдуу экологиялык акция өткөрдү.

Экоакция  Президент  С.Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы “Улуттук тазалык күнү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жалпы республиканын масштабында өткөрүлдү.

Борбордук аппараттын кызматкерлери "Сейил" багында , ал эми ведомстволук уюмдар   Кыргыз геологиялык кызматы, Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Экологиялык мониторинг департаменти  Боз-Бѳлтѳк тоосунда тазалоо иштерин жүргүзүштү.

Акциянын негизги максаты – таштандыларды  өз-өзүнчө чогултуу маданиятын коомго жайылтуу жана жарандардын экологиялык билимин жогорулатуу болуп саналат.

Таштандылар иргелет жана кайра иштетүүчү ишканалар тарабынан чыгарылат. Бул жолу акция ошол эле алгоритм боюнча өттү.

Бардык регионалдык мекемелер, ошондой эле Улуттук тазалык күнүндө активдүү катышышты. 

Бардык ЖМК өкүлдөрүно чагылдырууда болгон жардамда ыраазычылык билдиребиз.