Жаратылыш ресурстары министрлигинде жыл жыйынтыгынын алкагында кызматкерлер сыйланды

Chuy region
Жаратылыш ресурстары министрлигинде жыл жыйынтыгынын алкагында кызматкерлер сыйланды
Жаратылыш ресурстары министрлигинде жыл жыйынтыгынын алкагында кызматкерлер сыйланды


Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыл жыйынтыгын чыгаруу иш-чарасынын алкагында министрликтин бир катар кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланды. Сыйлоо аземи министрликтин ишине активдүү катышып, ак ниет кызмат өтөгөн кызматкерлерди колдоо жана дем берүү максатында өткөрүлдү.


Салтанаттуу иш-чарада министр М. Машиев кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырып, алардын өлкөнүн экологиялык коопсуздугун камсыздоого кошкон салымын жогору баалады.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө министрдин орун басарлары да куттуктоо сөздөрүн айтып, ал эми социалдык тармактарда министрликтин ишмердүүлүгүн активдүү чагылдырган кызматкерлер сыйланышты.
Өз сөзүндө М. Машиев министрликтин 2025-жылы жетишкен бир катар маанилүү ийгиликтерине токтолуп, айлана-чөйрөнү коргоо, токой ресурстарын азыркы жана келечек муундар үчүн сактоо, абанын сапатын жакшыртуу, геология тармагын өнүктүрүү жана калдыктарды башкаруу боюнча системалуу иштер жүргүзүлгөнүн белгиледи.