Жогорку Кеңеш Медер Машиевди министрлик кызматка дайындоого макулдук берди

Chuy region
Жогорку Кеңеш Медер Машиевди министрлик кызматка дайындоого макулдук берди
Жогорку Кеңештин жыйынында КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевди жана КР Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.


Президенттин жана Министрлер Кабинетинин КР  Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкерлер тууралуу маалымат берди. 


Талкуунун жүрүшүндө депутаттар экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаевди  Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына жана Медер Машиевди   Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.